Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Түркия элчинин өлүмүнө Фетхуллах Гүленди айыптады

Саясат
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
394
Орус элчисинин өлүмүнө Анкара Фетхуллах Гүленди айыптарын АКШга билдирген. Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглы АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Орусия элчиси Андрей Карловду атып өлтүрүүнүн артында Гүлендин уюму турат деп билдирген. Түркия бийлиги  аскерий төңкөрүш аракети үчүн Фетхуллах Гүленди өткөрүп берүүнү АКШдан талап кылып келүүдө. Ал эми АКШ азырынча мындан баш тартып, бул үчүн ишенимдүү далилдерди талап кылууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.