Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Трамп менен Путиндин телефондогу баарлашуусу 45 мүнөткө созулду

Саясат
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
463
28-январдын кечинде мурда маалымдалгандай Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
“Эки президент эл аралык проблемаларды такуулашты” деп маалымдады орус президентинин басма сөз кызматы.
Алардын арасында Украина, Жакынкы Чыгыштагы абал, терроризмге каршы күрөш, араб-израиль тирешүүсү,ирандын ядролук программасы жана Түндүк Корея темалары козголду. Ал эми орусиялык-америкалык мамилелер боюнча эки тарап өз ара пайдалуу соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү зарылдыгын бир ооздон баса белгилешти. Путин Трампты президенттик милдетин аткарууга киришкендиги менен куттуктады. Трамп орусиялыктарга салам дубайын билдирди. Трамптын администрациясына шилтеме жасаган Reuters агенттигинин маалыматы боюнча сүйлөшүүлөр 45 мүнөткө созулду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.