Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Төрага Айтматовдун бейитине гүл койду

Саясат
12 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
149
 Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары жана окурмандары катышты.   Андан тышкары, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун, 1930-жылдардагы репрессия менен 2010-жылдагы Элдик революциянын  курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбарлар коюлду. Эске салсак, бүгүн өлкөдө Адабият күнү белгиленүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.