Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

​Токмокто 70 орундуу социалдык стационар ачылды

Саясат
18 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
29
Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Аталган стационарга медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат. Учурда 207 майыптыгы бар адам жашайт.
Айнура Шайкеева
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу