Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Токаев 12-июнда ант берет

Саясат
11 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
89
Казакстандын Борбордук шайлоо компаниясы кечээ, 10-июнда президенттик шайлоолордун расмий жыйынтыгын жарыялады. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы президенттикке талапкер Касым-Жомарт Токаев – 70,96%, Амиржан Косанов – 16,23%, Дания Еспаева – 5,05%, Толеутай Рахимбеков – 3,04% добуш алгандыгын көрсөттү. Калган үч талапкердин добуштары 2%га да жеткен жок. Ошентип, президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи 12-июнга белгиленди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.