Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

"Түндүк" тутумунда маалымат алмашуу боюнча алдыңкы орундуктагылардын аты аталды

Саясат
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
21
 Мамлекеттик каттоо кызматы, Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги санариптештирүү, электрондоштуруунун алкагында ич ара маалымат алмашууда алдыңкы орундуктарды ээлешет.  Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев мамлекет органдардын башчылары үчүн "Түндүк" системасы тууралуу өткөрүлүп жаткан семинарда билдирди. "Түндүк" тутумуна кошулгандардын арасында документ алмашпаган мамлекеттик органдар да бар. Бул нерсе ал органдардын автоматташтырылган системанын жана маалыматтардын электрондук базасынын жоктугу менен байланыштуу. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт 309 млн. сом бөлдү. Алар автоматташтыруу жана маалыматтардын электрондук базасын түзүү үчүн сарпталат. Калк үчүн жалпы 189 мамлекеттик кызмат электрондук түрдө көрсөтүлөт", - деди ал.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу