Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

Тегеран текирең таскагын баштадыбы?

Саясат
02 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
476
Соңку мезгилде Ирандын дүйнөдөгү таасиринин өсүп жатышы АКШнын сегиз жылдык мөөнөтү аяктап бараткан президенти Барак Обаманын дарегине айтылган сындардын көбөйүшүнө себеп болууда.
Соңку мезгилде Ирандын дүйнөдөгү таасиринин өсүп жатышы АКШнын сегиз жылдык мөөнөтү аяктап бараткан президенти Барак Обаманын дарегине айтылган сындардын көбөйүшүнө себеп болууда.
Иранга каршы киргизилген санкциялардын алынышына жол ачкан Вашингтон менен Тегерандын кайрадан жакындашуусунан кийин бул өлкөгө Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытай жана Япониядан инвестициялардын агымы күчөдү. Мындан тышкары, Ирандын чет өлкөлүк банктарда тоңдурулган 150 млрд доллар акчасы Тегеранга кайтарылат. Иран менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүнү болжоп жатат.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп буга чейин эле Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди “тарыхтагы эң начар келишим” жана “катастрофа” деп катуу сындаганы белгилүү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.