Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү, «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

Саясат
07 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
42

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.

Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу