Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Тармактык комитет конституциялык мыйзам долбоорун жактырды

Саясат
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
602
Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Шайлоо тутумуна байланыштуу бир катар мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров. Аталган Мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологиялар киргизилүүдө. Мындай чаралар шайлоо жүрүмүндөгү жасалмалоолор менен бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.