Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Суу талаш коопсуздукка коркунуч жаратат

Саясат
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
524
Кечээ, 22-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде дүйнөдөгү суу ресурстарын пайдалануу, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча дебаттар өттү.
Анда чыгып сүйлөгөн баш катчы Пан Ги Мун суу ресурстарын пайдаланууда пикир келишпестиктер өлкөлөр ортосундагы эле эмес, ички өз ара араздашууга негиз болуп жатат деди жана мисал катары Ооганстандагы жана Судандын Дарфур провинциясындагы уруулардын суу талашуусун мисал келтирди.
Айтымында, климаттын глобалдык өзгөрүүсү проблеманы мындан ары дагы курчутат. БУУнун маалыматы боюнча ушул тапта дүйнөдө 276 трансчекаралык суу бассейндери бар. Алардын 60ы Азияда жана 68и Европада жайгашкан. Ошол эле учурда Жер шарындагы суу запастарынын 2%ын гана тузсуз суулар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Бразилия, Индия, Индонезия, Канада, Кытай, Колумбия, Перу жана АКШ сыяктуу тогуз мамлекеттин аймагында жайгашкан.
Бул дебаттарда Орусия Украина тараптын 2014-жылдын апрель айында Крымды суу блокадасына алгандыгын эскертти. Уюмдагы Орусия өкүлүнүн биринчи орун басары Петр Ильичевдин пикиринде, бул аракеттер адам укугун жана бир катар эл аралык гуманитардык эрежелерди бузгандыкка жатат. Киевдин мындай карасанатай аракеттери Крымда гуманитардык кырдаалды курчутуп, айыл чарба тармагын катастрофага учураткан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.