Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Стамбулда дүйнөлүк энергетикалык проблемалар талкууланууда

Саясат
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
528
Бүгүн, 10-октябрда Стамбулда 23-Бүткүл дүйнөлүк энергетикалык конгресс өз ишин улантууда жана ал 13-октябрга чейин созулат.
Конгресске 80 мамлекеттин өкүлдөрү, алардын арасында 54 министр катышууда. Анын алкагында 60тан ашык жыйындар, ошондой эле 12-октябрда ОПЕК уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин бейформал жолугушуусу өткөрүлөт. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн чектөө маселеси талкуулануучу жолугушууга ОПЕКке мүчө эмес 6 өлкөнүн, алардын арасында Казакстандын өкүлдөрү да катышат. Мунай картелинин мүчөлөрү жакында эле мунай өндүрүү көлөмүн күнүнө 33 миллион баррелдик деңгээлге чейин кыскартууну макулдашышкан. Бул ОПЕК тарабынан 2008-жылдан берки алгачкы кыскартуу болот.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.