Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Сталиндин небереси каза тапты

Саясат
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
381
 ХХ кылымдын эң көрүнүктүү саясатчыларынын бири Иосиф Сталиндин 80 жаштагы небереси Евгений Жугашвили каза тапты. Мындай маалыматты  РИА “Новости” агенттиги жазды. Жугашвилинин каза тапкандыгын 22-декабрда  тез жардам кызматы «Ал каза тапты» деп билдирген. Евгений Жугашвили Сталиндин уулу Яков Сталиндин жалгыз баласы болгон. Яков Сталин экинчи дүйнөлүк согушта фашисттердин колуна туткунга түшкөн.  Фашисттер келишимге баруудан баш тарткандан кийин өз жанын кыйган. Сталиндин небереси Евгений өз атасы Яков тууралуу фильмде атасынын ролун аткарган. Евгений Жугашвилинин кесиби инженер болгон. Ал Совет доорунда бир нече  заводдордо аскердик өкүл болгон. Союз таркаган соң, Орусия жана Грузияда коомдук жана саясий кызматтарды аркалаган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.