Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Сирияда курмандыктар азайды

Саясат
14 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
560
Сирияда ок атышууларды убактылуу токтотуу жараянынан кийин биринчи суткада эле карапайым элдин арасындагы курмандыктар кескин азайган. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура 13-сентябрда Женевадагы маалымат жыйында билдирди.  Сириядагы убактылуу элдешүү жараяны 12-сентябрдын кечинде күчүнө кирген. Келишим АКШ жана Орусиянын ортомчулугу менен ишке ашкан. Ок атышпоо режими бир жума бузулбай сакталса, АКШ жана Орусия Сириядагы "Жебхад Ан-Нусра" фронту жана “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын баштамакчы.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.