Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Шавкат Мирзияев Самаркандга барды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
856

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев 1-сентябрь күнү түштөн кийин шашылыш түрдө Самаркандга барды.

– Улугбек обсерваториясынан тарта «Сиёб» базарына чейин жолдордун бардыгы жабылган, ал жакка ошол аймакта жашагандарды гана өткөрүп жатышат. Премьер-министр да ошол жерде жүрөт, – деп билдирди расмий булак. Күбөлөр Шахи Зинда мавзолейинин жанынан кыштарды ташып бараткан жүк унааларын көргөндүктөрүн айтып жатышат. Алар Гури-Амирдин күмбөзүнүн жанында да байкалган. Кеч кирип калганына карабастан миңдеген көчө шыпыруучулар Регистан аянтынан Бибихоним мавзолейине чейинки аймакты тазалап жаткандыктары кабарланууда. Шаардык администрациядагы булак гүлзардын жөө адамдар үчүн жабылганын ырастады.

Жазгүл Кенжетаева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу