Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

«Салык кодекси» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Саясат
14 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
252
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамга ылайык мындан кийин өлкөдө ишкердик менен алектенген субъектилер салыктык каттоого жатат. Ошондой эле алар салык органына арыз берүүгө милдеттүү. Окуучуларга жана студенттерге төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.