Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Садыр Жапаров ант берүү аземинде чыгым кылууга каршы чыкты

Саясат
22 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
59
Президенттик аппарат алгач Садыр Жапаровдун кызматка киришүү иш-чарасын өткөрүүгө 15 миллион сом бөлүү каралганын билдирген. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн. Бул маалымат социалдык тармакта  кызуу талкууга алына баштаганда  Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инаугурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.
"Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот", - деп жазды Марипова.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу