Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Саакашвилинин партиясы шайлоодо экинчи орунга чыкты

Саясат
11 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
525
Грузияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллеттендерди 100% санап чыккандан кийин парламентке үч саясий партия өткөнү анык болду.
“Грузин кыялы” партиясы - 48,7%, экс-президент Михаил Саакашвилинин оппозициялык “ Бириккен улуттук кыймыл” партиясы - 27,1%, “Грузиянын патриотторунун альянсы” - 5,01% добуш топтоого жетишкен. Кошумчаласак, 8-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.