Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

​Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти

Саясат
19 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
47
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткенин Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иш-сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка аткаминерлери менен жолугушат. Жолугушуулар эки күн, 19-20-ноябрь күндөрү  болуп, кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык маданий-гуманитардык жана башка кеңири маселелери талкууланмакчы. Мындан сырткары коопсуздук темасы да сөз болушу күтүлүп жатат,-дейт министрлик.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу