Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Россияда миграциялык мыйзамды сактабай иштеп жүргөн 240 миң кыргызстандык бар

Саясат
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
496
Эгер легалдуу иштегенге өтпөсө, алар дагы “кара тизмеге” кирип калышы ыктымал. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин 194 миң мекендешибиз, “кара тизмеде” болуп, аларга Россияга кирүүгө тыюу салынып келген. Учурда алардын тең жарымы сүйлөшүүлөрдөн кийин аталган тизмеден чыгарылган. Алар расмий эмес жумуштарга кирип, айлыктарынан салык төлөбөй, мыйзамды бузуп, жашаган жеринде катталышкан эмес. Ал эми сот аркылуу Россияга кирүүгө тыюу салынгандар, жаза мөөнөтү аяктаган соң гана кире алышат.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.