Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Президенттин ыраазычылык каты тапшырылды

Саясат
06 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
20
Журналист Элнура Кулуева, продюсер Дана Абдыбекова, жеке ишкер  Жамалбек Ырсалиевге  Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Ыраазычылык катын  Президенттик аппарттын жетекчиси Досалы Эсеналиев тапшырды.  Эске салсак,  2018-жылдын 11-мартында Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилген. Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болсо, 117 метр чучук даярдалган. Беш бармак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган атайын жасалган 12 тай казан орнотулган. Дал ушул иштердин аткарылышында Ыраазычылык кат алышкан жарандарыбыздын эмгеги чоң. Ага кошумча, бир катар жаштар,  жеке ишкер, коомдук ишмерлердин бир тобу жардам кылышкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу