Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

​Президенттик шайлоону өткөрүүгө 549 миллион сом талап кылынат

Саясат
27 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
69
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Маалыматка караганда  мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө жалпысынан 549 миллион сом талап кылынат. 27-октябрда мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, 2020-жылга бөлүнгөн акчанын 212 миллион сому үнөмдөлдү, анын 11,5 миллиону өздөштүрүлбөй калган каражат катары кайра мамлекеттик бюджетке кайтарылып берилет. Ошентип, президенттик шайлоого керектүү 549 миллион сомду топтош үчүн бюджеттен дагы 347 миллион сом талап кылынууда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу