Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий визитинин жыйынтыгы менен биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү (фоторепортаж)

Саясат
12 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
113
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы менен бүгүн, 9-апрелде биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.
Тактап айтканда эки тараптуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:
1. Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо  боюнча агенттиги  (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында  кызматташуу тууралуу Протокол.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.