Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу визит менен Бельгия Королдугуна келди (фоторепортаж)

Саясат
12 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
23
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11 апрелде Бельгиянын борбору  Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит  менен келди.  Визиттин  максаты – Европа союзунун жетекчилиги менен жеке байланыштарды орнотуу, расмий түрдө 2017-жылдын 19-декабрында башталган Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун жаңы долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий түрткү берүү.
Визиттин жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер  жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика  Могерини, Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа  кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушат.
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлоруна инвестиция тартуу, ВСП+ алкагында  жеңилдиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери, ошондой эле  иштелип жаткан  «Таза Коом. Жаны Доор» Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында  кызматташуунун келечеги,  «Таза суу» долбооруна жана «Таза Коом» мамлекеттин санариптик трансформация программасына колдоо көрсөтүү  маселелери дагы талкууланат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Брюссель шаарына Түркия Республикасына эки күндүк расмий визити аяктагандан кийин келди.
Президент Сооронбай Жээнбековду Анкара шаарынын «Эсенбога» эл аралык аэропортунан Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу узатты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу