Курс НБ на 21.02.2018 $68,1121 €83,8835

Президент Сооронбай Жээнбеков өз аппаратында кайра дайындоолорду жүргүздү

Саясат
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
27
Мамлекет башчысы өткөн апта соңунда кол койгон жарлыктарга ылайык, Турдуназир Бекбоев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы, Мира Карыбаева жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, Нурсулу Ахметова стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Айзада Субакожоева тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Манасбек Арабаев соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Толгонай Стамалиева Кыргыз Республикасынын Президентинин басма-сөз катчысы –маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы, Анарбек Исмаилов укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Саякбай Субанов жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, Чолпон Абдрахманова Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысы, Жылдыз Сманбаева Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, Эрнист Апилов Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, Кырккелди Кыдырбаев Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалышты.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу