Курс НБ на 23.06.2018 $68,2440 €79,6305

Президент Сооронбай Жээнбеков Сирияда самолеттун кыйрашынан улам курмандыктарга байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Саясат
07 - Март 2018
www.erkintoo.kg
112
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-мартта Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Сирияда Ан-26 учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
“Сирияда транспорттук Ан-26 учагынын кыйрашынан улам көптөгөн адамдардын курмандыктарына байланыштуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында белгиленген.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.