Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып, Кытайдын Циндао шаарынан Бишкекке кайтып келди

Саясат
11 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
36

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкандан кийин Бишкек шаарына кайтып келди.

Саммиттин жыйнтыгы менен  бир катар биргелешкен документтерге, анын ичинде Циндао декларациясына кол коюлду.

ШКУнун төрагалыгы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. ШКУнун кийинки саммити 2019-жылы Бишкекте өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун саммитинин алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти  Халтмаагийн  Баттулга жана  Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Сапар аяктап, Бишкекке учаар алдында Президент Сооронбай Жээнбеков   самолеттун бортунда аны Кытайга болгон сапарында коштоп жүргөн  журналисттер менен аңгемелешти. Мамлекет башчысы журналисттерге  мазмундуу жана ыкчам иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирип,  анын Кытайга жасаган мамлекеттик сапары Кыргызстан үчүн зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Мен сапардын жыйынтыктарына канааттандым. 2019-жылы биз сиздер менен бирге ШКУнун саммитинин катышуучуларын тосуп алабыз», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУдагы төрагалык Кытайдан Кыргызстанга өткөндүгүн эске салды.

Кыргызстандын Президентинин Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарын жана ШКУнун саммитине катышуусун кыргызстандык жана  чет  мамлекеттик 13 журналист чагылдырды. 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу