Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Президент Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян кайрымдуулук фондунун директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды

Саясат
07 - Май 2019
www.erkintoo.kg
96

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды.

Жолугушууда аталган Фонддун Кыргыз Республикасындагы ишмердиги, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын өнүктүрүү, жаңы ооруканаларды куруу жана оңдоп түзөө, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылы Бириккен Араб Эмираттарына боло турган сапары тууралуу дагы сөз болду.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.