Курс НБ на 18.07.2018 $68,1779 €79,2295

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Казакстанга барды

Саясат
25 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
144
Астана шаарындагы эл аралык аэропортто Кыргыз Республикасынын Президентин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Аскар Мамин,  Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин,  Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын  иштери боюнча  убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.
Астана шаарындагы эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.
Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири  курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы  менен  бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары  биргелешкен билдирүү кабыл алышат.
Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу дагы болжолдонгон.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.