
Курс НБ на 22.01.2021 $84,5260 €102,5512

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы кечээ 24-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди.
Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.
Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде Мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.
Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек