Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүү боюнча региондо алдыга чыгууга тийиш

Саясат
24 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
158

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Энергетика — мамлекетибиздин экономикасында жана социалдык турмушунда абдан маанилүү милдет өтөгөн тармак. Энергетиктердин талыкпаган эмгегин ашкере баалоого мүмкүн эмес.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүү боюнча региондо алдыга чыгып, мамлекеттин жана региондун энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, энергия булактары ар бир керектөөчү үчүн жеткиликтүү болушуна жетишип, тармакты ыкчам өнүктүрүүгө тийиш.

Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр мамлекеттин энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча белгиленген пландарды ишке ашырууга өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын азыркы энергетика тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түптөгөн, мыкты адистердин бир нече муунун калыптандырган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Ушул кесиптик майрам күнү өлкөбүздүн бардык энергетиктерине чың ден-соолук, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм. Түйшүктүү жана абдан маанилүү ишиңиздерди дайыма ийгиликтер коштосун.»



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.