Курс НБ на 18.07.2018 $68,1779 €79,2295

Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты (фоторепортаж)

Саясат
28 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
173
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.
 Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына жасаган экинчи иш сапары.
 Эске салсак, 26-декабрда түшкө чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасына эки күндүк расмий сапарын жыйынтыктаган. Ал жерде  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду жана эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.