Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды

Саясат
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
92

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргызстан жана Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ал үчүн КЭР Төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи.

«Манас» ордени жашоо символдорун – ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргызстанды ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн Сизге чоң рахмат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.