Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Президент Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиевди Азербайжан Республикасынын Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат
12 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
22
Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу Ильхам Алиевге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
«Сиздин Азербайджан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!
Президенттик шайлоодогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Азербайжан Республикасын туруктуу жана  ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган Сиз жүзөгө ашырып жаткан багытка Азербайджан эли ишенээрин көрсөттү.
Биргелешкен аракеттер менен өз ара  урматтоого жана ишенимге негизделген кыргыз-азербайжан  мамилелери  мындан ары да чыңдалып жана тереңдей берет деп  ишенем.
Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Ильхам Гейдарович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги азербайжан элине – тынчтык  жана гүлдөп өнүгүү каалайм!», - деп айтылат Президент Сооронбай  Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу