Курс НБ на 18.01.2019 $69,8393 €79,5924

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районуна иш сапары менен барат

Саясат
09 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
23

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда. 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады.

Иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат.

Президент ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо Борборуна да барат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу