Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Ташкентке келди

Саясат
29 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
24

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Ташкентке келди.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу