Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык тараптардын ортосунда донордук жардамды координациялоо боюнча диалогдук аянтчаны туруктуу негизде активдештирүү зарыk

Саясат
02 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
47

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрда Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

«Урматтуу биздин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр!

Урматтуу мамлекеттик органдардын жетекчилери!

Айымдар жана мырзалар!

Зор канааттануу менен сиздердин баарыңыздарга чын жүрөктөн салам айтам.

Сиздер менен акыркы жолу дал ушул залда мындан эки жарым ай мурда жолугушканбыз. Эсиңиздер болсо, биз анда 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен кабыл алганбыз.

Сиздер сунуштаган редакциялык өзгөртүүлөрдүн баардыгы киргизилген соң, Улуттук стратегия жакында Президенттин Жарлыгы менен бекитилди. Тиешелүү Жарлыкка мен кече эле кол койдум.

Эми орто жана узак мөөнөттөгү өнүктүрүүнүн болжолдорун аныктаган стратегиялык расмий документ бар.

Стратегия өлкөнүн келечегине тийиштүү жалпы улуттук биримдикти чагылдырган документ болуп саналат.

2040 Стратегиясына сунуш жана комментарий берип көмөктөшкөнү үчүн донорлук коомчулукка жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Келип түшкөн сунуштар документтин сапаттуу жана комплексттүү болушуна көмөк көрсөткөнү талашсыз.

Ошентип Стратегия кабыл алынып, ишке ашырууну баштоо мезгили келди. Эми кадрдык, мыйзамдык, финансылык, башкаруучулуктагы зарыл болгон маселелерди так чечишибиз керек.

Бүгүнкү күндө биздин көңүл чордонубуз негизинен Стратегияны жүзөгө ашыруудагы финансылык камсыздоо маселелерине бурулат. Ишке ашыруу процессин башкаруу туурасында да азыноолак кеп кылабыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Конкреттүүлүк болмоюнча Стратегияны каржылоонун масштабы, ага жараша аны ишке ашыруудагы тышкы жана ички булактарын аныктоо кыйын.

2040 Улуттук Стратегиясы орто мөөнөттүү бир катар мезгилдерден турган этап этабы менен планды ишке ашыруу келечегин болжолдойт.

Стратегияда 2023-жылга чейин өнүктүрүүнүн приориттетери өзүнчө блокко биринчи этап катары киргизилген. Бүгүн мен, сиздердин көңүлүңүздөрдү өзгөчө биринчи этаптын приориттеттерине буруп, ага кененирээк токтолом.

Биринчи этап үчүн дээрлик баардык маселелер, белгиленген тапшырмалар же долбоорлор деңгээлине чейин конкреттештирилген. Буга сиздер таркатып берилген материалдарды карап, өзүңүздөр да күбө болосуздар.

2023-жылга чейин биз эмне иш жасагыбыз келет?

Алдыдагы беш жылда чечүүнү талап кылган негизги тапшырмалардын бири адилеттүү сот бийлигин орнотуу болуп саналат. Бул жарандардын өз келечегине ишенүүсүнүн, саясий туруктуулукту, инвесторлордун ишенимин жана экономиканын өнүгүшүн шарттайт.

Сот-укуктук системасындагы реформанын жүзөгө ашуусу адамды жана анын мыйзамдуу укуктарын коргоону, жеке менчикке кол тийбестигине кепилдикти камсыздайт.

Биз жакшы мыйзамдардын топтомун кабыл алдык жана аны иштеп чыгууга сиздердин араңыздардагылардын көбү катышты.

Учурда ошол кодекстерди жана мыйзамдарды ишке киргизүү тапшырмасы турат.

Бизге алдыда кылмыштардын жана жосундардын автоматташтырылган реестрин түзүү, пробация институтун түптөө, укук коргоо жана сот системасын санариптештирүү, зарыл болгон инфраструктураны түзүү маселелери турат.

Жарандардын жана бизнестин сот системасына ишенимин жогорулатуу максатында 2023-жылга чейин соттордун ачык айкындуулугу жана отчеттуулугу толук ишке ашат. Бул сот системасынын токтомдорунун долбоорун жарыялоо жана башка коомдук маанидеги чечимдеринин коомго жеткиликтүүгүн камсыздоо жолу аркылуу жүзөгө ашат. Сот жыйындарын онлайн-түз алып берүү ишке ашып, бул соттор чечимин калыс чыгаруусун шарттап, элдин сот бийлигине карата ишенимин арттырат.

Сот-укуктук реформанын ишке ашуусунун ийгилигин жөнөкөй жарандар, бизнес жана экономика сезип, бул бүт өлкөнүн өнүгүшүнө таасир берет.

Муну менен катар экономиканын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Ушул мезгилде энергетика, тоо кендерин казып алуу жана иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм негизги приоритет катары саналат.

Өлкөнүн экспорттук потенциалын арттыруу максатында агроөнөр жай секторун өнүктүрөбүз. Заманбап экологиялык талаптарды сактоо, продукцияларды сактоонун жаңы технологияларын киргизүү, айыл чарба продукциясын тереңирээк кайра иштетүү, логистиканы өнүктүрүү экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болот.

Энергетикада иштеп чыгуучу объектилерди масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо пландалууда. Энергетикалык инфраструктураны өнүктүрөбүз, анын ичинде 2021-жылы ишке кирише турган „CASA-1000“ долбоорун ишке ашыруу улантылат.

Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбарата-1, Жогорку Нарын ГЭСтерин, Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда.

Маалыматтык технологияларды коомдун бардык тармактарына, экономиканын бардык секторлоруна жана ошондой эле мамлекеттик органдардын ишине киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Биз бардык мамлекеттик структураларды бирдиктүү маалыматтык түйүнгө бириктире турган „Түндүк“ системасын киргизип жатабыз. Бул мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана ишканалардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенишүү жана документ айлантууну камсыздайт. „Түндүк“ системасы жашоо аймагына карабастан, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жетишүүнү жеңилдетет.

Региондорду өнүктүрүү өлкөнүн жалпысынан туруктуу өнүгүүсүнүн зарыл шарты болуп эсептелет. Бул процесс азыркы жүрүп жаткан „Региондорду өнүктүрүү жылы“ менен чектелбейт. Аймактарды өнүктүрүү алдыдагы беш жылда дагы артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. Аймактар өздөрүнүн өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн керектүү мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды алышы керек.

Аймактык саясаттын приоритеттери калктуу пункттардын инфраструктурасын жакшыртуу болот. Ошондой эле аймактарды бириктирген инфраструктураны санариптештирүү программасы ишке киргизилет.

Аймактардагы калктын тиричилик шарттарын оңдоого багытталган Ипотекалык насыялоонун программасы кеңейтилет.

»Таза суу« долбоорун ишке ашыруу абдан маанилүү. Алдыдагы 5 жылда бардык калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу милдети коюлду.

Маанилүү маселелердин бири — 653 айылдарда суу менен камсыз кылуу системасын куруу жана реабилитациялоо, анын ичинде 26 райондук борбордо жана 22 шаарда суу менен камсыз кылуу системасын куруу жана реабилитациялоо пландалган.

Биз үчүн ирригациялык түйүндөрдү куруу жана модернизациялоо жана башка улуттук деңгээлдеги долбоорлор абдан маанилүү. Айыл жеринде жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы ишке ашырылат. 

Адамдын жашаган жерине карабастан жашоо сапатын камсыздоо үчүн стратегияда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо системаларын жакшыртуу боюнча приоритеттер камтылган.

Жакынкы жылдары биз алгачкы медико-санитардык кызматтарды, анын ичинде биринчи тез жардамды бекемдөө милдетин коюп жатабыз. Жашаган жерине карабастан жарандар медициналык тейлөө менен камсыздалышат. Санариптик технологиялар, телемедицина жана онлайн-консультациялар киргизилет.

Аймактарды өнүктүрүү үчүн объективдүү социалдык-экономикалык процесстерди эске алуу менен территорияларды башкаруу системасын кайра карап чыгуу талап кылынууда. Бул маселени оптималдуу чечүү үчүн менин Жарлыгым менен реформалардын жол картасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ өз ишин баштады.

Урматтуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр!

Кыргызстан 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү күн тартибинин, аба-ырайынын өзгөрүшү жөнүндөгү Париж макулдашуусунун жана башка адам укугун коргоо жаатындагы документтердин алкагында өзүнө милдеттерди алган. 2018-жылдын 25-сентябрында мен БУУ Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясына катышып, Кыргызстан 2030 Күн тартибин улуттук деңгээлде ишке ашыраарын белгиледим.

Туруктуу өнүгүүнүн 17 Максаты Стратегия-2040та активдүү кошулган. Социалдык жана гуманитардык прогресс, туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында БУУнун алдындагы көп тараптуу кызматташуу биздин биргелешкен жумушубуздун маанилүү багыты болуп эсептелинет.

Кыргыз Республикасы айлана чөйрөгө зыян келтирген инвестициялык долбоорлордон баш тартуу идеясын колдойт.

Ошондой эле өлкөбүз жаңы жана жашыл технологияларды ишке киргизүү үчүн Жашыл климаттык фонддун ресурстарын тартуу боюнча процесстерди активдештирүүгө умтулат.

Климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдарга жол бербөөгө ыңгайлашуу боюнча мерчемдүү жумуштарды аткарабыз.

Алгачкы этапта, 2023-жылга чейин, Кыргызстан эл аралык макулдашуулардын алкагында мойнуна алган милдеттерин толугу менен аткарат.

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!

Биз стратегияны аныктап, өнүгүүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө дем берип жана тышкы ресурстарды пайдалануу менен аны ырааттуу ишке ашырууга чечкиндүү турабыз.

Тилекке каршы, азыркы этапта өзүбүздүн аракетибиз жетишсиз. Биз өнүгүүнүн милдеттерин чечүү үчүн өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна муктажбыз.

Ошол эле учурда донордук жардамды пайдалануунун натыйжалуугуна көңүл бургум келет. Бүгүнкү күндө мен бардык тарапты — эл аралык уюмдарды жана өлкөлөрдү — өнөктөштөрүбүздү жана мамлекеттик уюмдарды программаларды жана долбоорлорду оптимизациялоого жана өз учурунда кабыл алууга, финансылык каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга чакырып кетем. Бөлүнүп берилген тышкы жардамды мамлекеттик органдар өздөштүрбөгөн фактылары бардыгыбызга белгилүү.

Мындан тышкары бардык тараптардын ортосунда донордук жардамды координациялоо боюнча диалогдук аянтчаны туруктуу негизде активдештирүү зарыл деп эсептейм.

Бул милдетти ишке ашырууну стратегиялык өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы өз мойнуна алат. Катчылыкка өлкөнүн өнүгүү маселелерине жооп берген Президенттин Аппараттын Жетекчиси жетекчилик кылат.

Өкмөт донорлор менен өзара аракеттенишүү боюнча Кеңештин ишин актидештирүүгө милдеттүү деп эсептейм. Ишке ашырылып жаткан программалар жана долбоорлордун ийгиликтүү болушу үчүн донордук жардамды координациялоо боюнча өзүнчө түзүмдүк бөлүм түзүү зарыл.

Натыйжалуулуктун бардык индикаторлорун, жыйынтыгын жана аткаруу мөөнөтүн ырастоо максатында ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан бардык долбоорлорду дагы бир ирет кайра карап чыгуу керек.

Алдыбызда турган бардык милдеттерден улам, 2019-жылдын жаз айларында Донордук конференцияны өткөрүү максатка ылайыктуу деп эсептейм.»



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу