Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Саясат
24 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
165
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.
«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Бүгүн Сиздин жетекчилигиңиз алдында Азербайжан Республикасы өзүнүн жаркын жолун таап, боордош азербайжан элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатат.
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын кылым карыткан достугу жана боордоштук мамилеси Сиздин колдооңуз менен мындан ары да бекемделип, эки өлкөнүн өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына зор салымын кошот деп терең ишенем.
Сизге чың ден соолук, узун өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.