Курс НБ на 10.12.2018 $69,8499 €79,4752

Президент Сооронбай Жээнбеков Алжирдин Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашына байланыштуу Алжирдин Президенти Абдель Азиз Бутефликага көңүл айтты

Саясат
12 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
113
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдель Азиз Бутефликага  Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
 “Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын  трагедиялуу кыйрашынан улам  көп адам  каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо  көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын  көңүл айтуу телеграммасында.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.