Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Трампка Питтсбург шаарындагы каргашалуу кырсыктын кесепетинен көп адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Саясат
30 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
53

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка Питтсбург шаарындагы синагогага кол салуудан улам көп адамдар  курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Питтсбург шаарындагы синагогага кол салуудан улам күнөөсүз адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу кырсыктын кесепетинен кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу