Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Президент Алмазбек Атамбаевдин билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосу

Саясат
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
591
Урматтуу мугалимдер, билим берүү кызматкерлери, Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!
 
Бул күн ар бирибиздин да майрамыбыз болуп саналат. Анткени, баарыбыз Мугалимдин кол астында билим дүйнөсүнө сапар алганбыз.
Мугалим - түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат.
 Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм-шыгын ачуу аркылуу сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат. Же болбосо анын дээриндеги талантын, шыгын басып, келечегине бөгөт коюшу да мүмкүн. Мектеп босогосун аттаган ар бир наристенин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштейт. Ошондуктан, аларга дүйнөнү кенен тааныгыдай билим берүү, таптаза дүйнөсүнө биринчи сабактан тарта Сүйүү, Ыйман,  Адамгерчилик түшүнүктөрүн сиӊирүү сыяктуу улуу милдет сиздерге жүктөлгөн. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы жарандары өсүп чыгат.
 Кыргызстандын билим берүү системасы дүйнөдө тынымсыз болуп жаткан жаӊы ачылыштарга аралашуу менен бирге коомубуздун баалуулуктарына жана мыкты салттарына негизделген  кайталангыс жүзүн жана тамырын сактоого тийиш. Кыргызда балага биринчи кезекте АДАМ болгун деген тилек айтылат.
 Азыркы заманда интеллектуалдык эмгектин, жогорку технологиялардын баасы өстү. Ошого жараша билим берүү системасын тезинен реформалоо жана билим сапатын арттыруу талап кылынууда.
  “Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билим кимде болсо - билик болоор”. Бул саптар кечээ эле биз 1000 жылдыгын белгилеген атактуу бабабыз  Жусуп Баласагынга таандык. Даанышман бабабыз билим аркылуу гана дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн экенин дайыма айтып келген. 
 Бүгүн өлкөбүздүн билим берүү системасында 100 миӊден ашуун кызматкер иштейт, алар: бала бакчалардын тарбиячылары, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери, жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын жана лицейлердин профессордук-окутуучулар курамы.
 Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен ар бир бешинчи сом билим берүү системасына жумшалат, бул дүйнөдөгү алдыңкы көрсөткүчтөрдөн. Ошону менен катар Билим кымбат турарын ар бирибиз эске туталы. Түркөйлүк андан да кымбатка турарын эске туталы. Билимге салынган инвестиция эч качан жоголбойт, кайтарымы сөз жок болот. Ошондуктан, элибизде: “Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы” деп айтылат.
Мамлекет билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлык акыларын тынымсыз көтөрүү, башка социалдык маселелерин чечүү үчүн колдон келген бардык аракетин жасоодо. Бирок бул да аздык кылат, баарыбыз мугалимдер алдында карызбыз деп эсептейм.
 Кымбаттуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!
Сиздердин ишиӊиздердин үзүрүн балдарыбыз, жалпы өлкөбүз көрө берсин!
Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм!
 Кыргыз Республикасынын Президенти  А.Атамбаев.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.