Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
657

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге биргелешип каршы туруу пландарын, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөр аспектилерин  талкуулашты.

Кыргызстанга сапарынын алкагында  ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун урматына Эстеликтин ачылуу аземине катышат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу