Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Президент Алмазбек Атамбаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды

Саясат
13 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
19
Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына  2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында  элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруунун жыйынтыктары  туурасында маалымат берилди.
 Бахтияр Салиев  Концепцияны ишке ашыруунун алкагындагы иштер    этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, Кыргызстан элдеринин маданий жана этникалык көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти  камсыз кылууга  багытталгандыгын маалымдады.
 “Ушул принциптер   2018-2040-жылдары өлкөнү  туруктуу өнүктүрүү стратегиясында сакталып жана улантылат”, -деди Бахтияр Салиев.
Ошондой эле, Мамлекеттик агенттикте мониторинг борбору иштегендигин, анда  өлкөнүн бардык региондорунда жайгашкан 20 коомдук кабыл алуу бөлүмдөрүнөн келип түшкөн маалыматтардын негизинде этностор аралык кырдаал талдоого алынаарын белгиледи. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен инфраструктуралык долбоорлор   ишке ашырылып, конфликттердин алдын алуу боюнча 4 миңден ашуун иш чаралар өткөрүлгөн.
 Президент Алмазбек Атамбаев  улуттук биримдикти  чыңдоо, коомду консолидациялоо боюнча иштерди улантуу керек экендигин баса белгиледи.
“Кыргызстан элдеринин биримдиги  өлкөнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат”, -деди Мамлекет башчысы.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу