Курс НБ на 22.07.2018 $68,2377 €79,4389

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
137
8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
 Мамлекет башчылары  кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
 Владимир Путин  Алмазбек Атамбаевди VI Санкт-Петербургдагы эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышууга чакырды.
 Форум  дүйнөлүк деңгээлдеги маданий окуя болуп саналат. Форумдун салтанаттуу ачылышы 2017-жылдын 17-ноябрында Мариин театрынын жаңы сахнасында өткөрүлөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.