Курс НБ на 18.09.2020 $78,9597 €93,1961

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
497
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда өлкөнүн Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.
 Жолугушууда Мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкөнүн коргоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
 Темир Жумакадыров ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара маселелерин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сөзсүз түрдө эске алуу менен конструктивдүүлүк менен чечүү багытын улантуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да Президентке кеңири баяндады.
 Президент Алмазбек Атамбаев жана Коргоо Кеңешинин катчысы  Темир Жумакадыров укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөдөгү диний кырдаалды өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.