Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Президент Алмазбек Атамбаев Индия Вице-Президенти Хамид Ансари менен жолукту

Саясат
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
351
Индияга мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 20-декабрда Индия Республикасынын Вице-Президенти Хамид Ансари менен жолукту.
Жолугушууда эки өлкө элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды, ошондой эле Кыргызстан менен Индия ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн бекем база түзүлгөнүн эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик визити ар кыл багыттар боюнча кыргыз-индиялык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болору тууралуу бир пикирден белгиленди.
Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев биринчи кезекте соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүнүн зарылдыгын белгилеп, кеңири спектрдеги маселелер боюнча өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Индия Вице-президенти Хамид Ансари ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча жана аймактагы диний абалдын өнүгүү тенденциялары, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу маселелер жөнүндө пикир алмашышты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.