Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнүндө Чоӊ-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы орто мектептеги салтанатка катышты (фоторепортаж)

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
723

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Билим күнүндө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоӊ-Таш айылындагы  С.Чокморов атындагы орто мектептеги окуу жылдын башталыш салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бардык окуучулар менен педагогдорду жаркын майрам – Билим күнү менен куттуктады. Президент окуучуларды  тырышып окууга, ата-энелерди жакшы билим жана тарбия алуусу үчүн балдарына өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

«Эгер тырышып окусаӊар, көп нерсеге жетишесиӊер. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда. Жаман же жакшы кесип болбосун эсиӊерге тутуп жүргүлө. Мен Президент болуп туулган эмесмин, мектепте окуп жүргөнүмдө сугатчы болуп иштедим. Москвада окуп жүргөнүмдө короо шыпырдым, от жактым, жүк ташыгыч болдум, котормочу, үй башкармасында иштедим. Бир да иштен уялбаш керек», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  Президент болуп иштеп жүргөнүндө «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси менен кошо «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген жогорку наамды эки гана адамга – манасчы Жусуп Мамайга жана мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовго тапшырганын айтты. «Анткени Таштанбек Акматов чыныгы эмгекчинин үлгүсүн көрсөттү. Акматов Кыргызстан Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштегенден кийин айылына кайтып келип, чабан болуп иштеп жатат. Дал ушундай мээнеткеч адамдардан бардык кыргызстандыктар үлгү алууга тийиш», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент жакында өлкөбүздүн 14 жаранынын өмүрүн алып кеткен Москвадагы трагедияга токтолду. «Бул жаман окуя жүрөгүмдү тилип өткөндөй болду», — деген Президент Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин негизги максаттарынын бири кыргыз мигранттарынын Россиядагы абалын жакшыртуу болуп саналганын кошумчалады. Эгер биз биримдикке кирбегенде алардын абалы мындан да жаман болмок.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы чогулгандарды дагы бир жолу Билим күнү менен куттуктап, мектеп директоруна мектепке жардам иретинде 500 000 (беш жүз миӊ) сомдун сертификатын тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев жаӊы мектептин курулушу үчүн жер тилкесин көрүп, Өкмөткө анын курулушун өз убагында бүткөрүүнү жана ал жерде спорт объектисин курууну караштырууну тапшырды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.