Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барды (фоторепортаж)

Саясат
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
410
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. 
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай алыскы тоолуу райондорундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышты.
Алай районунда Өкмөт башчы Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн, Сары-Могол айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дайрасында курулчу дамбанын долбоору менен таанышты.
Чоң-Алай районунда Сооронбай Жээнбеков «Кара-Мык» чек ара заставасына барып, Дароот-Коргон айылындагы оорукананын курулушу менн таанышты. Ошондой эле Өкмөт башчы Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин ачылышына катышты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.