Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну тапшырды

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
632

Бул тууралуу буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Концепциянын башкы максаты айыл чарба өндүрүшүнүн  эффективдүүлүгүн жана агро-өндүрүш комплексинин продукцияларынын  атандаштыкка жарамдуулугун жогорулатууга, азык түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасындагы айыл чарба кооперативдик   системаны  өнүктүрүү  болуп  саналат.

Жогоруда айтылган максаттарды ишке ашыруу үчүн азыркы Мамлекеттик программа биринчилерден жана негизгилерден деп белгиленген төмөндөгү  маселелерди чечүүнү карайт карайт:

- айыл чарба кооперативдерин эффективдүү иштетүү үчүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук шарттарын түзүү;

- кооперативдик формадагы чарбаларды колдоого каржылоо-кредиттик механизмдерин жакшыртуу;

- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү  өндүрүштүк техника менен камсыздоочу кооперативдик инфраструктураны жана технологиялык тейлөөнү, сатып алууну, кайра иштетүүчү, азык сатуучу, насыя берүүнү жана камсыздандырууну түзүү;

- айыл чарба кооперативдерин кадрлар менен камсыздоо, илимий жана маалымат консультативдик системаны өнүктүүрү.

Республикада айыл чарба кооперативдик  система  2  этапта өнүгүүсү керек – кыска мөөнөттөгү жана узак мөөнөттүү мезгилде.

а) кыска мөөнөттүү мезгилде  (2017-2018жж.) айыл чарба кооперативдик кыймылдын  демилгесин көтөрүү максатында бир топ  суроолорду комплекстүү чечүү:

б) узак мөөнөттүү мезгилде (2019-2021жж.) агрардык сектордун айыл чарба азык түлүгүн кайра иштетүүчү, тейлөө, насыя берүү,камсыз кылуу чөйрөсүндө стабилдүү жана туруктуу өнүгүү айыл чарба кооперативдик түйүндөрүн түзүү аркылуу кооперациянын инфраструктурасын уюштуруу керек.

Концепциянын иш-чаралар планын аткаруу менен республикада айыл чарба кооперативдик кыймылды кеңири өнүктүрүүгө түрткү болот жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүү боюнча айыл чарба ишканаларынын ортосундагы сапаттуу жаңы мамиле түзүлөт.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.