Курс НБ на 19.04.2018 $68,8586 €85,1505

Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөткөн спортчуларга, машыктыруучуларга жана уюмдарга сыйлык тапшырды (фоторепортаж)

Саясат
22 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
157

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков жабык имараттарда жана күрөш боюнча үстүбүздөгү жылдын сентябрында Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн V Азия оюндарында Кыргызстан командасынын ийгиликтүү оюн көрсөтүүсүнө салым кошкон спортчуларга, машыктыруучуларга жана уюмдарга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Өкмөт башчы дагы бир ирет улуттук курама команданын ийгиликтүү оюну менен куттуктап, көрсөткөн чеберчилиги жана жогорку натыйжалары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер бирдиктүү команда менен чыгып, мыкты ийгиликтерди багындырдыңыздар. Мындай нерсе алгач ирет болууда, мында улуттук ири команда Азия оюндарына катышып, чоң жетишкендиктерге ээ болду », – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, таймаштар учурунда бүткүл өлкөбүз атамекендик спортчулардан көзүн албай назар салып турду.

«Жалпыбыз теле жана социалдык тармактар боюнча спорчуларыбызга көз салып турдук. Бардыгыбыз сиздер үчүн, өлкөбүз үчүн жана биздин келечегибиз үчүн бириге алдык. Сиздердин ар-бир жеңишиңиздер, ар бир медалыңыздар атамекендик спортубуздун мүмкүнчүлүгүн тастыктап турду», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, ар-бир экинчи спортчу медаль менен кайткан, ал эми жыйынтык командалык зачетто Кыргызстан 60 ашуун мамлекеттин арасынан ардактуу 8-орунду ээлеген, Сапар Исаковдун айтымында, бул бизге сыймык үчүн негиз болуп берди.

Премьер-министр V Азия оюндарында Кыргыз Республикасынын команда мүчөлөрүнүн ийгиликтүү сапаттуу оюн көрсөтүүсүнө салым кошкон спорт түрлөрү боюнча спортчуларга, машыктыруучуларга, федерацияларга жана уюмдарга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Эскертсек, жабык имараттарда жана күрөш боюнча өткөн V Азия оюндарында атамекендик спортчулар жалпысынан 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медалга ээ болгон.

Таймаштар үстүбүздөгү жылдын 17-27- сентябрында Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн. Улуттук команданын курамында спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу оюн көрсөткөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.