Курс НБ на 25.04.2018 $68,5725 €83,6722

Премьер-министр Сапар Исаков ӨКМ Өзгөн районундагы турак-жайлардын жана башка курулуштардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды

Саясат
11 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
58
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ош облусунун Өзгөн районундагы турак-жайлардын жана башка курулуштардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча чараларды кабыл алууну тапшырды.
 Өкмөт башчы белгилегендей, республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга байланыштуу маселелер Өкмөттүн ишиндеги бирден-бир маанилүү багыттардан болуп саналат.
 Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тыкыр талдоолорду үзгүлтүксүз негизде жүргүзүп туруусу зарыл.
 Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Премьер-министрге учурда Өзгөн районунда Кара-Дарыя дайрасынын ташкындоосунан улам 200 гектарга жакын айдоо аянты суу астында калып, ал эми 50 ашуун турак-жай чөгүп кетүү коркунучунда тургандыгын маалымдады.
 Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго абал менен жеринде таанышып, турак-жайларды сактап калуу иштерин жеке көзөмөлгө алуусун тапшырды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу